Президент Петр Порошенко парламентти таркатуу тууралуу жардыкка 25-августа кол койду. Өлкө мыйзамдарына ылайык парламент мөөнөтүнөн мурда таратылгандан 60 күндөн кийин жаңы шайлоо өткөрүлүш керек. Шайлоо 26-октябрга белгиленди. Петр Порошенко бүгүн Минскиде орус президенти Владимир Путин жана Европанын тышкы иштер комиссары Кэтрин Эштон менен жолугушуп, Украинадагы кырдаалды жөнгөрүү жана газ маселеси боюнча сүйлөшөт. (AiT)