Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Май, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:02

Бишкекте кыргыз-тажик чек арасы боюнча сүйлөшүү башталды

Өкмөттүн маалымат кызматынан “Азаттыкка” кабарлашкандай, тажик делегациясын вице-премьер-министр Муродали Алимардон жетектеп келди. Эки тараптуу сүйлөшүүлөр мамлекеттик резиденцияда өтүп жатат.

Эки күнгө созулчу сүйлөшүүдө чек араны делимитациялоону активдештирүү, Ак - Сай - Тамдык - Кишемиш жолун жана Лейлек районуна көпүрө куруу маселеси талкууланат. Кыргыз делегациясынын башчысы Абдырахман Маматалиевдин билдиришинче, кыргыз-тажик чек арасынын 54% делимитацияланган. Калган 46% боюнча кыргыз тарап өзүнүн сунушун жана картасын өкмөттөр аралык комиссиянын жыйынына алып чыгат. (AzK)

XS
SM
MD
LG