Бул туурасында “Азаттыкка” Талас облустук биргелешкен ооруканасынын травматология бөлүмүнүн башчысы Акыл Калыбаев билдирди. Анын айтымында, ооруканада жаткан калган жабырлануучулардын абалы да оор бойдон.
Кечээ 25-августта Талас шаарында “Биримдик” аттуу компаниянын автобазасында 10 тонналык бензин ташуучу машине күйүп, анын кесепетинен 6 киши жабыркаган. Машине күйгөн учурда анын ичинде 7 тонна күйүүчү май болгон. Өрттүн себептери аныктала элек.(AzK)