Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:07

Украинада орусиялык 10 аскер туткундалды


Орусиянын коргоо министрлигиндеги булак Украинанын чыгышында орусиялык аскерлер кошуна өлкөнүн армиясы тарабынан туткундалганын билдирди. Алар чек аранын белгиленбеген бөлүгүнөн байкабай өтүп кеткени айтылууда. Ал эми Украинанын коопсуздук кызматы Донецктен 50 километрдей алыс жерде Аба-деңиз аскерлеринин 10 десанты колго түшүрүлгөнүн маалымдады. Алардын суракка алынып жатканы видеого тартылган. Кечээ украин күчтөрүнүн өкүлдөрү жикчилер өңдөнүп кийинген орусиялык аскерлер 10 танк жана башка оор техниканын коштоосунда кирип келишкенин билдиришкен. Украин армиясынын жоокерлери аларды Новоазовск шаарынын тушунда токтотушкан.

Киев Москваны чыгыштагы жикчилерди колдоодо деп көптөн бери айыптап келатса, Орусия аны четке кагууда.

XS
SM
MD
LG