Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:16

Пакистанда балдарды эмдөө башталды


Пакистанда балдардын шал оорусуна каршы эмдөө иши жанданды. Бул жолу уруулар байырлаган алыскы райондордо 700 миңдей бала вакцинациядан өтмөкчү. Саламаттыкты сактоо тармагынын өкүлдөрү Ооганстан менен чек ара аймагында коопсуздук кырдаалы кооптуу болгондуктан 300 миңдей наристе эмделбей калат деп эскертишүүдө.

Пакистандагы талиптер жана башка согушкер топтор АКШ эмдөө кампаниясына жамынып, тыңчылык кылууда деп аны үзгүлтүккө учуратууга аракеттенип келатышат. 2012-жылды декабрь айынан бери Пакистанда эмдөө иштерине тартылган 56 чакты киши согушкерлердин колунан ажал тапкан. Өткөн жылы өлкөдө бул ооруга 91 бала кабылган.

XS
SM
MD
LG