Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:34

Багдаддагы жардыруудан 10 киши мерт кетти


Багдаддын шийилер үстөмдүк кылган бөлүгүндө дүрмөттөлгөн машина жарылганда аз дегенде 10 киши мерт кетти, 20 чактысы жарадар болду. Полициянын маалыматына ылайык, бомба бүгүн эртең менен эл кымгуут түшүп жаткан кезде жардырылган.

Кечээ баш калаада жана түштүктөгү Кербала жана Хиллах шаарларындагы кол салуулардан кеминде 54 киши каза болгон. Бир нече күн мурун саясий партиялар Хайдер ал-Абадини өкмөт башчылыкка көргөзүшкөн.

XS
SM
MD
LG