Экспедициянын жетекчиси, тарых илимдеринин кандидаты Василий Плоскихтин айтымында, иликтөө иштери бүгүн башталды. Көлдүн түштүк бөлүгүндө изилдөөнү эл аралык археологиялык экспедиция жасап жатат. Алар Ысык-Көлдүн астындагы цивилизациянын сырларын ачууну максат кылууда.
Кыргызстандык археологдордун маалыматына караганда, иликтөө жүрүп жаткан аймакта Усуни борборунун Чигу шаары жайгашкан. Археологиялык экспедициянын курамында орусиялык суу астында сүзүү конфедерациясынын өкүлдөрү Светлана Лукашова жана Николай Лукашов, Томск университетинин өкүлдөрү Дмитрий Горн, Владимир Козлов жана Тамара Горн бар.(MK/AzK)