Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:39

Орусия жана Украина президенттери түз сүйлөшүүлөрдү өткөрдү


Президенттер Владимир Путин жана Петр Порошенко 26-августта Минскиде Чыгыш Украинадагы согушту токтотуу максатында эки саат бетме-бет сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Бирок анда ири жылыштар болгону байкалган эмес.

Орус президенти Владимир Путин сүйлөшүүнүн жыйынтыгында буларды билдирди:

- Биз тез арада кан төгүүлөрдү токтотууну сүйлөштүк. Украина түштүк-чыгышында туш болгон бардык маселелерди саясий жолдор менен жөнгөрүүгө өтүүсүн сүйлөштүк. Орусия өзү тараптан бул тынчтык жараянды баштоого баарын жасайт. Биздин көз караш боюнча, аны мүмкүн болушунча тезирээк башташ керек.

Украина президенти Петр Порошенко Европа Биримдигинин расмий адамдары жана Казакстан, Беларустун президенттери согушту токтотуу боюнча Киевдин сунуштарын кубаттоого алганын жана жакынкы күндөрү “жол картасы” түзүлөрүн билдирди. Украина жана Батыш өлкөлөрү Москва жикчилдерди курал менен камсыздоодо деп айыптаса, Кремль аны четке кагып келатат. (AiT)

XS
SM
MD
LG