Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:17

Арзымбаевдин өлүмү иликтенип жатат


Алтынбек Арзымбаев Бишкектеги маалымат агенттиктеринин биринде.
Алтынбек Арзымбаев Бишкектеги маалымат агенттиктеринин биринде.

Уюшкан кылмыштуулукка катышы бар экени айтылып келген 33 жаштагы Алтынбек Арзымбаевдин өлүмүн Бишкектин Октябрь райондук милициясы иликтеп жатат.

Жин деген каймана ат менен белгилүү Арзымбаевди 26-август күнү түнкү саат 11лер чамасында борбор калаанын 8-микрорайонунда атып кетишкен. Күбөлөрдүн айтымында, аны кабаттуу үйлөрдүн биринин жанында беткап кийген адам аткан. Ошол жердеги кишилер тез жардам чакырып, аны ооруканага алып барышкан. Арзымбаев бейтапканада көз жумган. Бул тууралуу “Азаттыкка” Бишкек ИИБнын басма сөз катчысы Бакыт Сеитов кабарлады.

Маркум эки жыл мурун Кара-Көл шаардык кеңешине “Ата-Мекен” партиясынан депутат болуп шайланган. Мурун соттолгонуна байланыштуу өткөн айда мандатынан ажыратылган.

Өткөн жумада Ички иштер министри Абдылда Суранчиев парламентте уюшма кылмыштуу топторго мүчө депутаттардын тизмектеп берген учурда Арзымбаевдин аты-жөнү да аталган. (SE)

XS
SM
MD
LG