Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:06

Арашандагы кырсыкта куткаруучунун үстүнө таш кулап кетти


Чүйдүн Арашан айылындагы тоодогу өрттү өчүрүү учурунда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин бир куткаруучусунун үстүнө таш кулап, ооруканага түштү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. 27 жаштагы Албан Сатыбалдиев учурда Чүй облустук ооруканасында дарыланып жатат. Анын эти эзилгени айтылууда, абалы өтө деле оор эмес.

Аламүдүн районуна караштуу Арашан айыл аймагындагы Кара-Кыя тоосунда 23-август күнү башталган өрт дале өчпөй турат. Өрт өчүрүүгө жалпысынан 310 адам тартылган. Жалын 100 гектардан ашуун жерге жайылган. (SE)

XS
SM
MD
LG