Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:03

Ооганстан: Абдулла бюллетен саноонун жыйынтыгын тааныбайт


Ооган президенттигине талапкер Абдулла Абдулла БУУнун көзөмөлү астында өтүп жаткан бюллетендерди кайра саноонун жыйынтыгын тааныбай турганын билдирүүдө. Абдулланын шайлоо штабынын өкүлү Фазел Ахмад Манави бул жараянды "мыскыл" деп атады. Анын айтымында, шайлоо комиссиясы шектүү бюллетендерден арылуу аракетин жасабай жатат.

Ооганстанда президенттик шайлоо жараяны апрель айында башталган. Талапкерлердин бири Абдулла добуш берүүнүн 14-июнда өткөн экинчи айлампасындагы бюллетендерди эсептөөдө бурмалоо болгонун айткандан кийин бул ишке Бириккен Улуттар Уюму да байкоочу катары катыша баштаган. Кайра саноо аяктай элек.

Азыркы президент Хамид Карзай кандай болгон күндө да жаңы президенттин инаугурациясы 2-сентябрда өтөрүн жана бул дата өзгөрбөсүн 23-августта билдирген. (RK)

XS
SM
MD
LG