Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:25

Порошенко: Минск сүйлөшүүсү татаал жана оор болду


Украина башчысы Петро Порошенко Беларустун борбор шаары Минскте 26-августта өткөн орус жана украин президенттеринин жолугушуусу "татаал жана оор" болгонун билдирди. Орус президенти Владимир Путин болсо сүйлөшүүнүн жыйынтыгын оң баалады.

Эки сааттай уланган жолугушуудан кийин Порошенко Украинанын чыгышында элдешүү жараянын баштоо үчүн жакын арада "жол картасын" даярдаарын жана бул тынчтык стратегиясы Минск жолугушуусунун бардык катышуучулары тарабынан колдоого алынышы керектигин айтты. Ал ошондой эле мыйзамсыз кармалган жарандарды бошотуу үчүн орус жана украин чек арачыларынын ортосунда сүйлөшүүнү баштоо макулдашылганын билдирди.

Владимир Путин жолугушуунун жыйынтыгын комментарийлеп жатып "Орусия менен Украинанын ортосунда чечиле элек маселе көп" экенин жана "орус тарап Украинанын түштүк-чыгышындагы согушка катышы жоктугун", андыктан бул конфликтти токтотуу талкууланбаганын айтты. Ошону менен катар ал "эгер тынчтык орнотуу жараяны башталса ага жардам берүүгө даяр экенин" кошумчалады. (RK)

XS
SM
MD
LG