Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:05

Жалал-Абадда бензин куюучу жайлардын көбү иштебей турат


Жалал-Абад шаарындагы “Томас”, “Ростнефть” компанияларына таандык бензин куюучу жайлар эки күндөн бери иштебей турат. Компания жетекчилиги муну күйүүчү майдын жок экендиги менен түшүндүрүүдө. Учурда бир гана “Газпром” ишканасына тиешелүү жайлар гана ачык. Аталган компанияда күйүүчү майдын 6000 тонна запасы калды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Жалал-Абад мэриясынын жергиликтүү экономика бөлүмүнүн башчысы Салыжан Умаров билдирди. Анын айтымында, компанияларга бензин жана солярка жеткирүүчү унаалар кечигип, ушундай маселе жаралууда.

“Томас” ишканасынан кабарлашкандай, аларга күйүүчү май эртең келиши мүмкүн. Жалал-Абадга бензин жана солярка Орусия менен Казакстандан Бишкек аркылуу барат.

Учурда аймакта бензин 46-49 сомдун тегерегинде сатылууда. (SE\RsK)

XS
SM
MD
LG