Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн Орусиянын "Газпром" ишканасынын жетекчиси Алексей Миллерди кабыл алды. Мамлекет башчынын маалымат кызматынын кабарлоосуна караганда, жолугушууда "Газпромдун" ишмердүүлүгү боюнча маселе талкууланды. Ошону менен катар Кыргызстандын энергетикалык коопсуздугун камсыз кылуу тууралуу да сөз болду.
Кыргыз бийлиги "Кыргызгаз" ишканасы карызга батып кеткенин себеп кылып аны "Газпромго" саткан. Мурда "Кыргызгаз" аркылуу кызматташып келген өзбекстандык "Узтрансгаз" кыргыз өкмөтүнүн "Газпром" менен келишиминен кийин Ош шаарына газ берүүнү токтотуп койгон. Бул маселе али күнчө чечиле элек. (RK)