Эки тарап тең жети аптага созулган согушта жеңишкен жетишкенин айтышууда. Израилдин өкмөт башчысы Бинямин Нетаняху “ХАМАС катуу жабыркап, бирок талаптарынын бирине да жетпегенин” билдирди. Газада болсо куралдуу аскердик кийимдеги адамдар жарандар менен кошо көчөгө майрамдоого чыгышты. Газа тилкесине Бириккен улуттар уюмунун гуманитардык жүгү киргизилди. Согушта талкаланган инфраструктураны калыбына келтирүү иштери башталганы кабарланды. (AiT)