Түркиянын бийликтеги Адилеттүүлүк жана өнүгүү партиясы Ахмет Давутоглуну партия лидерлигине шайлап, өкмөт башчылыкка талапкерлигин тастыктады. Өлкөнүн Тышкы иштер министрилигин аркалап келген Давутоглу президенттикке шайланган Режеп Тайып Эрдогандын ордуна келет. 27-августта партиянын конференциясында сөз сүйлөгөн Давутоглу Европа биримдигине мүчө болуу Түркиянын стратегиялык максаттарынын бири экенин белгиледи. Режеп Тайып Эрдогандын президенттик кызматка киришүү аземи бүгүн болору күтүлүүдө. (AiT)