Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:51

АКШ: Украинада жикчилдер чабуулуна Орусия багыт берүүдө


АКШнын Мамлекеттик департаментинин маалымат катчысы Жен Псакинин айтымында, жикчилдердин Донецк жана Луганскидеги чабуулдарына орустар багыт берүүдө. 27-августтагы Псакинин билдирүүсүндө, түштүк-чыгыш Украинада байкалган орус танктары, залп менен атуучу реактивдүү системалары, брондолгон техникаларынын колоннасы белгиленген. Орус аскерлеринин Украина аймагында эмне кылып жүргөнү тууралуу чындыкты Москва айтпай жатканы Вашингтонду тынчсыздандырууда дейт Жен Псаки:

- Биз Орусиянын аскерлери Украинанын аймагына 48 чакырым кирип келген учурда да Москва чындыкты айтпай жатканына тынчсызданып жатабыз. Орусия өзүнүн жигиттерин Украинага жөнөтүп, бирок аларга кайда барарын айткан эмес. Ата-энелерине балдары эмне кылып жүргөнү тууралуу маалымат берген эмес.

Орус тарап өз кезегинде он десантчы Украина аймагына адашып кирип барганын айтууда. Жикчил күчтөр контрчабуул баштап, 27-августта Жаңыазовск жана Азовск шаарларына киришкени кабарланды. (AiT)

XS
SM
MD
LG