Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:07

Дилгер Жапаровдун иши боюнча сот уланууда


"Кыргызалтын” ишканасынын мурдагы жетекчиси Дилгер Жапаровго козголгон кылмыш иши боюнча сот жараяны бүгүн Бишкектин Биринчи май райондук сотунда уланууда.

Башкы прокуратура Дилгер Жапаровду 29-майда кармаган. Ал “Кумтөр Голд компани” ишканасынан өкмөттүн макулдугусуз “Центерра Голд” компаниясына 200 млн. долларды дивиденд катары мыйзамсыз которгон деп айыпталууда.

Анын адвокаты Владислав Лужанский Жапаровдун баш коргоо чарасын өзгөртүүнү суранып, сотко кайрылган. Бирок, сот айыпталуучу эркиндикте жүрүп, күбөлөргө таасир этиши ыктымал деген жүйө менен өткөн жумада арызды канааттандырган эмес.

“Кыргызалтындын” жетекчисинин орун басары Кылычбек Шакиров 21-августтагы сот жараянында 200 млн. доллар кыргыз өкмөтү менен макулдашылбай которулганын айткан. (SE)

XS
SM
MD
LG