Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:02

УКМК: Жалал-Абадда "Хизб-ут-Тахрирдин" болжол менен 2 миң мүчөсү бар


Жалал-Абад облусунун аймагында мындан башка да диний агымдарга кирген жарандардын саны арбын экенин УКМКнын облустук башкармалыгынын башчысы Канжарбек Бокоев "Азаттыкка" билдирди.

Анын айтымында, "Вахабий" диний агымына мүчө адамдардын саны - 200, "Салафий” агымында - 25, "Акрамий" тобундагылар 15 жана "Ахмадий" агымынын онго жакын мүчөсү бар. Ошондой эле облустан 23 адам Сирия мамлекетине чыгып кеткендиги такталып, төрт жаран артка кайтарылган. Түшүндүрүү иштеринин натыйжасында Сирияга аттанып жаткан жети адам өз оюнан кайткан.

Кылмыш-жаза кодексинин 375 - куралдуу кагылышка катышуу жана согушка жөнөтүүгө көмөктөшүү беренесине ылайык үч кишиге каршы кылмыш иш козголгон. (RsK)

XS
SM
MD
LG