Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:29

АКШ Түндүк Ирактагы түркмөндөргө гумжардам жеткирүүнү караштырууда


Күрт автономиясына чектеш Амирли шаарында эсептөөлөргө караганда, 12000-15000дей шиит түркмөндөрү бир нече жумадан бери “Ислам мамлекети” уюмунун согушкерлеринин курчоосунда суусуз жана тамак-ашсыз отурат. Ак Үй Амирлиге гуманитардык миссия жөнөтүлсүн деп чечсе, анда бул Кошмо Штаттар Иракта акыркы кезде ишке ашырган экинчи гуманитардык аскерий операция болот. Америкалык аскерий учактар ай башында Ирактын түндүгүндөгү миңдеген бозгун езиддерге ондогон тонна азык-түлүк жана суу жеткирген. 27-августта Ирактын коопсуздук күчтөрү жана шиит милициясы Амирли шаарын камоону бузганы маалымдалган.

XS
SM
MD
LG