Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:20

Бийлик башындагылар биометрикалык маалымат тапшырды


Жогорку Кеңештин фракция башчылары, вице-спикерлер жана премьер-министр Жоомарт Оторбаев бүгүн өздөрүнүн биометрикалык маалыматтарын тапшырып, өнөктүктү расмий ачып беришти.

Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысынын орун басары Элдияр Убалиев жарандардын маалыматтарын топтоо 2015-жылдын 1-августуна чейин аягына чыгаарын билдирди. Анын айтымында, болжол менен 3 миллион 462 адамдан өздүк маалыматтар алынат. Улуттук өнөктүктү миңге жакын мүчөсү бар атайын топ жүргүзөт.

Стационардык жана мобилдик борборлорго 16 жаштан өткөн жарандар жанында паспорту менен келиши керек. Алар бармак изи, карегинин санариптик көчүрмөсүн жана кол тамгасын тапшырышат. Бул система шайлоодо “бир жаран - бир добуш” системасын камсыз кылуу максатында киргизилүүдө. Өнөктүк келерки жылдын августуна чейин уланат.

Кыргызстан үчүн биометрикалык жабдыктарды сатып алуу боюнча тендерди германиялык Giesecke&DevrientGmbH компаниясы жеңип алган.

Келерки жылдан тарта дүйнөнүн бир катар өлкөлөрү чет элдиктерди биометрикалык паспорт менен гана кабыл алууга өтөрү буга чейин кабарланган. (SE)

XS
SM
MD
LG