Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:56

Жалал-Абадда 27 мектеп авариялык абалда турат


Жалал-Абад облусундагы 469 орто мектептин 27си жаңы окуу жылын авариялык абалда баштайт. Бул тууралуу облустук билим берүү усулдук борборунун директору Акылбек Токтосунов билдирди. Окуучуларды башка жерге которууга мүмкүнчүлүк жок болгондуктан, окуу эски мектептерде улантылмакчы.

Учурда облуста жаңы 14 мектептин курулушу жүрүп жатат. Алардын бешөө быйыл 1-сентябрда пайдаланууга берилет.

Аймакта 200 миңден ашуун окуучу бар. Аларга 15 миң мугалим сабак берет. (RsK)

XS
SM
MD
LG