Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:34

Чүйдөгү жол тосууну милиция көзөмөлдөп турат


Жол тосуу акциясы. Чүй облусу, Панфилов району. Жергиликтүү тургун Алижан Насыров тарткан сүрөт.
Жол тосуу акциясы. Чүй облусу, Панфилов району. Жергиликтүү тургун Алижан Насыров тарткан сүрөт.

“РедМет” кен казуу компаниясынын жумушун токтотууну талап кылып, Бишкек - Чалдыбар унаа жолун бууп тургандар менен жергиликтүү бийлик өкүлдөрү сүйлөшүү жүргүзүп жатат. Акциянын катышуучулары жолду ача элек. Аймакта милиция күчөтүлгөн тартипте иштөөдө. Бул тууралуу “Азаттыкка” Чүй облустук ИИБнан кабарлашты.

Панфилов районундагы Вознесеновка айылынын тургундары Чоң-Кайынды капчыгайында “РедМет” тоо-кен казуу компаниясынын жумушун токтотуу талабы менен бүгүн түшкө жакын Бишкек - Чалдыбар жолун тосушкан. Алар компаниянын жумушу экологияга коркунуч алып келерин айтып жатышат.

Милиция жана райондук акимчиликтин маалыматына ылайык, жол тоскондордун саны 300гө чамалуу. Ал эми митингге чыккандар 800дөй киши бар экенин айтууда. Жол тосулган жерде элүүдөн ашуун унаа топтолуп турганы кабарланууда. Көпчүлүгү эл ташыган кичи автобустар.

Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү “РедМет” компаниясы кыргызстандык жеке ишкерге таандык экенин билдирет. Ал эми ишкана өкүлдөрүнөн комментарий алууга азырынча мүмкүн болгон жок. (SE)

XS
SM
MD
LG