Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:25

Жээнбеков Эрдогандын инаугурациясына катышып жатат


Түркиянын жаңы шайланган президенти Режеп Тайип Эрдогандын кызматка расмий киришүү аземине кыргыз делегациясын Жогорку Кеңештин спикери Асылбек Жээнбеков баштап кетти. Инаугурация бүгүн өтөт.

Эрдоган 10-августта президент болуп шайланган. 28-августтан тарта анын ыйгарым укугу күчүнө кирет.

Кыргызстандык делегация Түркияга шаршембиде учуп барды. Жээнбеков ошол эле күнү Түркиянын парламентинде болуп, Улуу улуттук жыйындын спикери Жемил Чичек менен жолугушту. Тараптар мындан аркы парламенттик алакаларды жандантуу тууралуу сүйлөштү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы кабарлады. (SE)

XS
SM
MD
LG