Ирандын министри Мохаммад Жавад Зарифдин 29-августта Москвада Орусиянын жогорку даражалуу кызматкерлери менен сүйлөшүүлөрү белгиленген. Бул сапар алдында Орусиянын билдирүүсүндө Ирандын өзөктүк программасы боюнча Иран жана ири алты мамлекеттин ортосундагы сүйлөшүүлөр Улуттар Уюму тарабынан киргизилген санкцияларды алууга мүмкүнчүлүк берери белгиленген. Орусия менен Иран жаңы соода келишимине жетишүүнү өзүнчө сүйлөшүүдө. Ага ылайык Ирандын мунайына Орусия товар жана технология берүүнү көздөөдө. (AiT)