Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:50

Орусияда дагы үч “Макдоналдс” жабылды


Орусиянын тамак-аштын сапатын көзөмөлдөө агенттиги - Роспотребнадзордун чечими менен McDonald's компаниясынын үч рестораны убактылуу жабылды.

"Макдоналдс" 28-августта маалымдагандай, Кара деңиз боюндагы Сочи шаарындагы эки рестораны жана Москванын түштүгүндөгү Серпухов шаарындагы бир рестораны жабылган. Муну менен Орусияда 10дон ашуун “Макдоналдс” рестораны жабылды. Анын ичинде 1990-жылы Москвада ачылган биринчи ресторан да бар.

Роспотребнадзор ресторандар санитардык себептерден жабылганын билдирди. Бирок бул иш Украинадагы кризис боюнча Батыш менен Москванын тирешүүсү курчуган жана Орусияда антибатыштык пропаганда күчөгөн кезге туш келди.

АКШ, Евробиримдик жана башка Батыш мамлекеттери Москванын Украинадагы аракеттерине байланыштуу киргизген санкцияга жооп кылып, Орусия Батыштан азык -түлүктүн көпчүлүк түрлөрүн экспорттоого да тыюу салган.

XS
SM
MD
LG