Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:14

Иброхим: Тажикстан Кыргызстанга электр берүүнү улантат


Тажик өкмөт башчысынын орунбасары Азиз Иброхим “Азаттыкка” курган маегинде тажик өкмөтү Кыргызстанга электр энергиясын сатууну улантаарын билдирди. Ал коңшу өлкө Кыргызстан аркылуу Казакстанга да электр энергиясын сатууга кызыкдар экендигин айтты:

- Кыргызстандык энергетика тармагындагы адистер менен сүйлөшүү учурунда орток пикир таап, мындан ары да кызматташууга макулдаштык. Электр энергиясын берүүнү уланта бермекчибиз. Ошондой эле Кыргызстандан транзит аркылуу Казакстанга ток берүү маселесин да көтөрдүк. Бул албетте келечектеги сүйлөшүүлөрдө дагы бекемделет.

Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү азайып, электр тармагы оор кырдаалга тушукканына байланыштуу быйыл жайдан тарта Кыргызстан Тажикстандан ток сатып ала баштаган. Учурда коңшу өлкөдөн күнүгө 1,5 млн. кВт ток алынып жатканын “Улуттук электр станциялар” ишканасы кабарлаган. 1 кВт электр энергиясы 2 центтен бааланган. Сатып алуу сентябрга чейин уланары айтылган болчу.

Тажик өкмөт өкүлдөрү бир катар тармактарда макулдашууларды жүргүзүү үчүн Бишкекке 27-августта келген. (SE\BkA)

XS
SM
MD
LG