Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:36

Башкыртстандагы шамал эки адамдын өмүрүн алды


Башкыртстандын Краснокамск районунда 29-август күнкү катуу шамалдан эки адам каза таап, 76 киши жараат алды. Алардын арасынан 15и ооруканага түшту. Бул тууралуу Башкыртстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин республикалык башкармалыгы кабар таратты. Мурдараак Януал районунда да 6 киши жараат алганы маалымдалган болчу.

Катуу шамал Краснокамск, Януал жана Калтасинк райондорундагы 26 калктуу конуштарда үйлөрдүн чатырларын учуруп кетти. Соңку маалыматтар боюнча 480 имарат зыян тартты. Януал шаарынын бир бөлүгүндө электр жарыгы үзгүлтүккө учурады. (SE)

XS
SM
MD
LG