Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:23

Алжир: учак кулаган жерден үч адамдын сөөгү табылды


Алжирдин түштүгүндө Украинага таандык Ан-12 үлгүсүндөгү учак кулап түшкөн жерден куткаруучулар күйүп кеткен үч денени тапты. Дагы төрт киши изделип жатат. Маалыматтарга ылайык, бүгүн кыйраган учакта жети киши бар болчу. Алардын алтоо Украинанын, бирөө Орусиянын жараны.

Кырсыкка техникалык мүчүлүштүк себеп экени божомолдонууда. Учак Алжирдин Таманрассет шаарынан Эквотариалдык Гвинеяга бараткан болчу. (SE)

XS
SM
MD
LG