Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:53

Өкмөт Бажы биримдигине кошулуу боюнча мыйзамдарды жактырды


Кыргыз өкмөтү өлкөнүн Бажы биримдигине кошулуусу боюнча мыйзам долбоорлордун топтомун жактырды. Мындай чечимди өкмөт апта соңундагы жыйынында кабыл алды. Аталган мыйзам долбоорлор Бажы биримдигинин шарттарына ылайыкташтырылды. Мындай жол менен кыргыз өкмөтү Евразия экономикалык кеңеши ушул жылдын 29-майында бекиткен жол картасындагы милдеттемелерди аткарды. Жыйында өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев бул чечимди тарыхый деп атады.

Эми бул мыйзам долбоорлор Жогорку Кеңешке жөнөтүлмөкчү. Парламент аларды талкуулап, бекитиши керек.

29-майда Евразия экономикалык шериктештигинин Астана саммитинде Кыргызстандын Бажы биримдигине кириши боюнча жол картасы кабыл алынган. Анда президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстан жыл аягына чейин Бажы биримдигине кошулуу ниетин билдирген. (BkA)

XS
SM
MD
LG