Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:03

Пакистанда полиция менен демонстранттар кагылышты


Пакистандын борбору Исламабадда полиция менен демонстранттардын кагылышынан бир адам мерт кетип, кеминде 175 адам жараат алды. Өкмөткө каршы чыккан демонстранттар премьер-министр Наваз Шарифтин резиденциясына кирүүгө аракет кылганда полиция көздөн жаш агызчу газ жана желим окторду колдонду.

Оппозициялык саясатчылар Имран Хан жана Тахир ул-Кадринин тарапкерлери 15-августтан бери Пакистан борборунда өкмөттүн кызматтан кетишин талап кылып, митинг өткөрүп жатышат. Алар 2013-жылдагы парламенттик шайлоо бурмаланган деп айыптоодо. Өкмөт башчы Наваз Шариф кызматтан кетпей турганын айткан.

XS
SM
MD
LG