Брюсселде өткөн Еврокеңештин саммитинде Польшанын премьер-министри Дональд Туск биримдиктин жаңы төрагасы болуп шайланды. Буга чейин бул кызматты Херман Ван Ромпей аркалап келген.
Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча комиссары Кэтрин Эштондун ордуна Италиянын Тышкы иштер министри Федерика Могерини келди.
57 жаштагы Туск 2007-жылдан бери Польша өкмөтүн жетектеп келет. 41 жаштагы Федерика Могерини 2008-жылдан бери Италиянын төмөнкү палатасынын депутаты болуп келген. Ушул жылдын февраль айынан баштап Италиянын тышкы иштер министри болуп дайындалган.