Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:33

Көк бөрү мелдешин “Талас” командасы жеңди


Кыргызстандын Эгемендик күнүнө карата уюштурулган көк бөрү боюнча мелдеш аяктады. Анын жыйынтыгында финалда “Талас” жана “Бөрүлү” командалары ойноп, таластыктар баш байгени багынтты. Экинчиликке “Бөрүлү”, үчүнчү орунга “Суусамыр” командалары ээ болду. Бул мелдештин байге фондусу 2 миллион сом болчу. Андан биринчи орунду алган топ 1 миллион сом, экинчиликти багынткан команда 500 миң, үчүнчү болгондор 200 миң сом менен сыйланды.

Бул мелдеш жыл сайын эгемендик күнүнө карата уюштурулуп келет.(BkA)

XS
SM
MD
LG