Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:51

Активист Токтонасыров Лукашенкого чара көрүүнү депутаттардан талап кылат


Коомдук активист Өндүрүш Токтонасыров бүгүн парламенттин жанына акцияга чыгып, Жогорку Кеңеш эс алуудан кийинки жумушту Беларус президентине карата чара колдонуудан башташы керектигин талап кылмакчы. Бул тууралуу “Азаттыкка” Токтонасыров өзү кабарлады.

Активист 2010-жылы Кыргызстандан качып кеткен мурдагы президент Курманбек Бакиевге баш калка бергени жана аны жоопкерчиликке тартууга тоскоолдук кылып жатканына байланыштуу Александр Лукашенкого карата бийлик тийиштүү кадамдарды көрүүгө милдеттүү экенин айтат. (SE)

XS
SM
MD
LG