Бишкек шаардык соту АКШ жараны Мекрей Брендондун Свердлов райондук сотунун чечимин жокко чыгаруу боюнча доо арызын четке какты. Бул тууралуу Жогорку Соттун маалымат катчысы Айнура Токтошева бүгүн “Азаттыкка” билдирди.
Бишкектин Свердлов райондук соту 29-майда бейбаштык беренеси боюнча АКШ жаранын 4 жылга күчөтүлгөн режимде абакка кескен болчу. “Манас” аба майданындагы АКШнын транзиттик борборунун кызматкери, 29 жаштагы Мекрей Брендон Корнелиус (Mccrea Branden Cornelius) ушул жылдын 9-мартында Бишкекте 22 жаштагы кызды зордуктоого аракет кылды деп кармалган. Кармоо учурунда ал милиция кызматкерлерине каршылык көрсөткөн. (UEz)