Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:54

Иракта жанкечтинин бомба чабуулунан 13 адам өлдү


Полициянын маалымдашынча, аскердик машинени айдаган жанкечти Рамади шаарындагы тогуз кабат имаратты сүздүргөндө дагы 17 киши жарадар болду. Кайра оңдолуп жаткан көп кабаттуу бул имаратта Ирактын коопсуздук күчтөрүнүн базасы жайгашкан.

Ирактын батышындагы Рамади жана Фаллужа шаарлары январдан бери “Ислам мамлекети” уюмунун жана алардын сунни союздаштарынын ээлигинде. Бирок Рамадинин айрым бөлүгү күн сайын колдон колго өтүп турат.

XS
SM
MD
LG