Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:09

Пакистандын өкмөттүк телеборбору протестчилерден тазаланды


Премьер-министр Наваз Шариф Пакистан армиясынын жетекчиси Рахил Шариф менен кездешти. Анын алдында антиөкмөтчүл протестчилер Исламабаддагы өкмөттүк телеборборду басып алып, берүүлөрдү обого чыгарбай койгон эле. Бүгүн эле аскерлер телеборборду антиөкмөттүк протестчилерден тазалады. Кабарчылардын маалымдашынча, демонстранттар телеборборду тынч, эч кандай каршылык көрсөтпөй таштап кетишкен.

Оппозициячыл саясатчы Имран Хан жана кара жаак даватчы Тахир ул-Кадри баштаган калайык Наваз Шарифтин премьерликтен кетүүсүн талап кылууда. Ул-Кадри кечээ тарапкерлерине кайрылып, алар өкмөттү кызматтан кетирүү менен чектелбесин эскерткен: "Биз отставкадан кийин кетпейбиз, биз жаңы Пакистанды жасап гана кетебиз. Мен сиздерге ынкылапты бергени жатам... Кудай кааласа, ынкылап келе жатат.”

Протестчилер 30-августта премьер-министр Шарифтин резиденциясына кол салмак болгондо үч адам өлүп, жүздөгөн адамдар жаракат алган.

1-сентябрда протсетчилер Шарифтин резиденциясын кайтарган полиция менен кагылышты. Чатакта бир нече полициячы жана үч демонстрант жарат алганы кабарланды.

XS
SM
MD
LG