Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:53

Түркия АКШдан түшүндүрмө талап кылды


Анкара түркиялык лидерлер аңдылган деген маалымат боюнча Вашингтондон түшүндүрмө талап кылды. Түркиянын вице-премьер-министри Бюлент Аринч 1-сентябрда тышкы иштер министрлигине Анкарадагы америкалык улук дипломат түшүндүрмө берүү үчүн чакырылганын билдирди: "Сиздерге маалым, азыр Түркияда Кошмо штаттардын элчиси жок. Мурдакы элчи кетип, жаңы элчи келе элек. Ошон үчүн элчинин милдетин аткаруучу Тышкы иштер министрлигине чакырылып, андан маалымат алынды.”

31-августта Германияда чыкчу "Der Spiegel" журналы АКШнын улуттук коопсуздук агенттиги 2006-жылдан тарта Түркиянын жетекчилеринин телефону үзбөй тыңшалганын жазган. Макала АКШнын Улуттук коопсуздук кызматынын мурдакы агенти Эдвард Сноудендин маалыматына таянып жазылган. Буга дейре “Шпигель” журналы Германия НАТО боюнча союздашы Түркияны бир нече жыл аңдыганан жазганда, Анкара катуу нааразы болгон.

"Der Spiegel" журналынын жазышынча, АКШ жана Түркия чалгындоо маалыматтарын, өзгөчө күрт согушчандары тууралуу маалымат жыйноодо узактан бери тыгыз кызматташып жүрөт.

XS
SM
MD
LG