Адам укуктарына арналган “Бир дүйнө - Кыргызстан” – даректүү тасмалардын сегизинчи эл аралык фестивалы Бишкекте 7-11-октябрь күндөрү өтөт. Фильмдер көрөрмандарга “Манас” кинотеатрында сунушталат. Бул тууралуу “Азаттыкка” аны уюштуруп жаткан “Бир дүйнө - Кыргызстан" уюмунан кабарлашты. Быйылкы иш-чарада да адаттагыдай чет элдик жана улуттук тасмалар кошулуп, жыйырмадай фильм көрсөтүлөт.
Эл аралык “Бир дүйнө-Кыргызстан” - адам укуктары боюнча даректүү тасмалар фестивалынын бул жолку темасы БУУнун "Өнүгүүгө укук" декларациясынын негизинде тандалып алынган. Мурдагылардан айырмаланып бул жылы сүрөттөр топтомдору да кабыл алынган. (SE)