Күйүүчү-майлоочу майлардын Кыргызстандагы баасы сентябрь айында дагы 5 пайызга, башкача айтканда литри 2 сомго кымбаттайт. Бул тууралуу Нефтетрейдерлер бирикмесинин аткаруучу директору Улан Кулов “Азаттыкка” билдирди.
Анын айтымында, сентябрь айында Орусиядагы Омск, Салават мунай заводдору оңдоо иштерине байланыштуу ишин убактылуу токтотот. Күйүүчү-майлоочу майларга болгон баалар ушул себептен жогорулайт.
Күйүүчү майлар акыркы 8 айда 13 пайызга же литри 5 сомго кымбаттаган. Нефтетрейдерлер бирикмеси мындай кымбаттоону Казакстанда жаздан бери кармалып турган 500 вагон күйүүчү майдын Кыргызстанга келбей жатышы жана Орусиядагы мунай заводдорундагы баанын жогорулашы менен түшүндүрүп келишет. (UEz)