Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:26

Назарбаев Украинадагы кризистин коркунучун эскертти


Президент Назарбаев Украинадагы кризис дагы тереңдей берсе, Казакстандын экономикасына залака тийгизиши этимал экенин эскертти. Нурсултан Назарбаев мындай оюн 2-сентябрда Казак парламентинде айтты. “Украин кризисине байланыштуу киргизилген санкциялар Казакстандын өнөктөштөрү, анын ичинде Орусиянын экономикасына зыян келтирип, бул өлкөнүн экономикалык өсүүсүн басаңдатат. Дүйнөлүк дүң жыйымдын 60 процентин өндүргөн мамлекеттердин өз ара санкциялары калыптанган экономикалык мамилелерге олуттуу өзгөрүүлөрдү алып келет,” - деди Назарбаев.

Орусия украин кризисиндеги Москванын ролунан улам Евробиримдик августта киргизген санкцияга жооп кылып, Биримдиктен көптөгөн азык-түлүк продукцияларын импорттоого тыйуу салган.

2015-жылдын 1-январынан тарта Казакстан, Орусия, Беларус катарындагы Бажы союзу Евразия экономикалык шериктештигине айланат.

XS
SM
MD
LG