Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:38

Жол кырсыктарынын саны 6 пайызга өстү


Кыргызстанда катталган жол кырсыктарынын саны өткөн жылга салыштырмалуу 6 пайызга өскөн. Бул тууралуу Жол кайгуул кызматынын жол кырсыктарын анализдөө жана алдын алуу бөлүмүнүн башчысы Елена Айылчиева “Азаттыкка” билдирди.

Анын айтымында, өткөн жылдын 6 айында өлкө боюнча 3026 жол кырсыгы катталып, андан 460 адам каза тапса, быйыл автокырсыктардын саны 3200гө жетип, мерт болгондордун саны 441ди түзгөн.

Август айынан баштап жол эрежесин бузгандарга карата айыппул жогорулатылган. Адистердин баамында, жол кырсыктарынын көбү ылдамдыкты жогорулатуу, каршы тилкеге чыгып алуу сыяктуу эреже бузууларга байланыштуу.(UEz)

XS
SM
MD
LG