Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:24

Пакистан парламентинин кош палатасы өлкөдөгү кырдаалды талкуулоодо


Оппозиция лидерлери, мурдакы крикетчи Имран Хан жана дааватчы Тахир ул-Кадри баштаган нааразылар 15-августтан бери Исламабадга чогулуп, Наваз Шарифтин премьер-министрликтен кетүүсүн талап кылышууда. Алар Шарифти 2013-жылкы парламенттик шайлоону бурмалап, бийлик башына келди деп күнөөлөшүүдө.

Пакистандын ички иштер министри Чаудари Низар Ал Хан бүгүн парламенттин эки палатасынын чукул чакырылган сессиясында сүйлөп, митингди бийликке каршы ыңкылап деп атады:

- Мен ишенем, парламент мага көрсөтмө бериш керек. Өкмөткө жана элге бул отуруш же саясий чогулуш эмес деп айтам. Бул ыңкылап. Бул өкмөттүк институттарга каршы ыңкылап. Бул Пакистанга каршы ыңкылап.

31-августка караган түнү нааразылар Нафаз Шарифтин үйүн басып алмак болушуп, полиция менен кагылышканда үч адамдын каны төгүлгөн.

АКШ Пакистандагы антиөкмөтчү нааразыларды зордук-зомбулуктан карманууга чакырды. “Жарандар тынч демонстрация өткөрүүгө укуктуу, бирок саясий системаны конституцияга каршы жол менен өзгөртө албайт”, - деп билдирди Мамдепартаменттин өкүлү Жен Псаки.

XS
SM
MD
LG