Чыгыш Украинадагы согуштук аракеттерден улам өз үйүн таштап башка өлкөгө же мамлекеттин тынч аймагына качкан жарандардын саны миллиондон ашты. Бул тууралуу шейшемби күнү Женева шаарында БУУнун улуу даражадагы өкүлү Венсан Кошетель билдирди. Анын айтымында, соңку үч жума ичинде өлкө ичиндеги качкындар саны эки эсе көбөйүп, 260 миң кишини түздү. Ал эми Орусия тарапка качкандар 814 миң адам.
Өткөн жумада БУУ Украин өкмөтү менен орусиячыл жикчилер ортосундагы согуштун курмандыктары 2600 кишиге жеткенин билдирген.
Ал арада 3-сентябрга караган түнү Донецк шаарынын аэропортунда согуштук аракеттер кайра жанданганын жергиликтүү булактар кабарлады.