Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:34

Парламент депутаттары электрондук чип менен добуш берет


Жогорку Кеңеш депутаттары мындан ары мыйзам долбоорлоруна электрондук чип аркылуу гана добуш бере алат. Мындай маалыматты парламенттин басма сөз кызматы таратты.

Электрондук чип аркылуу добуш берүү бүгүнкү кезексиз сессиядан баштап ишке кирди. Буга чейин эл өкүлдөрү атайын баскыч аркылуу добуш берип келишкен. Бул сессияга катышпаган депутат үчүн башка депутаттын добуш берип коюшуна жол ачууда деп сынга кабылган.

V чакырылыштагы Жогорку Кеңеш быйыл 30-июндан 1-сентябрга чейин жайкы эс алууга тараган. Өткөн бир жыл ичинде парламентте 76 пленардык жыйын болуп, 265 мыйзам долбоору талкууланган. Анын ичинен 175 мыйзам кабыл алынып, 137сине президент кол койгон. (UEz)

XS
SM
MD
LG