Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:49

Момбеков: Чоң-Шынаа илгертен эле казактыкы


Кыргыз-казак чегиндеги талашка түшкөн Чоң-Шынаа аймагы илгертен эле Казакстанга таандык. Бул тууралуу өкмөттүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлүнүн катчылыгынын эксперти Аскар Момбеков “Азаттыкка” билдирди.

- Эки өлкөнүн келишиминде бул жер Казакстандыкы деп жазылып турат. Келишим 2001-жылдын 15-декабрында кабыл алынып, 2008-жылдын 24-апрелинде ратификацияланган. Эки өлкө ортосунда мындан башка келишим жок. Бул макулдашуу 1930-жылдагы картага таянат, - деди Момбеков.

Кечээ Көк-Сай айылынын тургундары Бишкекте маалымат жыйын куруп, Чоң-Шынаа аймагындагы 4515 гектар жер казак тарапка мыйзамсыз өтүп кеткенин айтып чыгышкан.

Эске салсак, 2001-жылы эки өлкө аталган жердеги 2744 гектар жерди алмашуу боюнча макулдашкан. Бирок жергиликтүү элдин каршылыгынан улам аталган келишим 2011-жылы жокко чыгарылган. Ушуга байланыштуу учурда чек ара белгилери кайрадан 2001-жылдагы калыбына келтирилип жатат.

Жер алмашууга каршы чыккан көксайлыктар июнь айында коңшу өлкөнүн Жамбыл облусуна кетчү сууну 11 күн бууп турушкан.(UEz)

XS
SM
MD
LG