Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:07

Жалал-Абад: 260 окуучу башка мектепке баруудан баш тартууда


Жалал-Абад шаарындагы №6 орто мектеби жараксыз абалга келип окуучулар жаңы окуу жылынан тартып №7 мектепке которулган. Бирок 260 окуучу башка мектептан билим алуудан баш тартып жатат. Бул тууралуу №6 мектептин директору Гүлзат Шерматова билдирди.

3-нөөмөттө башка мектепте окууну каалабаган окуучулар бүгүн жараксыз мектепке кайрадан кирип алышты. Мектеп жаңы окуу жылына карата оңдолгон эмес жана курулуш адистери тарабынан жараксыз деп бүтүм чыгарылган. Шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы Рысбек Калчаев бул маселе каралып жатканын жана эски мектепке кайрадан окууга уруксат берилиши мүмкүндүгүн билдирди.

Жалал-Абад облусунда 469 мектептин учурда 27си авариялык абалда турат. (RsK)

XS
SM
MD
LG