Жапониянын өкмөтүндө кадрдык алмашуу жүргүзүлдү. Премьер-министр Синдзо Абэ 2012-жылдын декабрь айында өкмөттү башкарууга келгенден бери бул алгачкы өзгөрүү. Тышкы иштер, каржы министрлери жана өкмөттүн башкы катчысы сыяктуу айрым негизги кызматтар ошо бойдон калды.
Эң алгачкы жолу өкмөттүн курамына беш аял кирди. Буга чейин Абэ аялдарга кеңири мүмкүнчүлүк ачып, аларды бизнеске жана саясатка көбүрөөк тартуу керектигин айткан болчу.
Серепчилер Синдзо Абэнин өкмөтүндөгү соңку реформаны алдыда боло турган жергиликтүү шайлоолорго карата даярдык, экономикадагы проблемаларга байланыштуу айтылган сындан улам имиджди оңдоо аракети катары баалоодо. (RK)