Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:24

Жумгал: камалгандардын жакындары нааразы


2014-жылдын 20-февралында Жумгал райондук сотунун имаратында болгон башаламандык боюнча камакка алынган 14 жарандын жакындары алардын тергөө абагындагы мөөнөтү бүтсө да боштондукка чыкпай жатканына нааразы. Бул тууралуу камалгандардын биринин жакыны Дамира Садырбаева “Азаттыкка” билдирди.

Анын айтымында, камалгандардын тергөө абагындагы мөөнөтү 20-августта аяктаган.

Нарын прокуратурасы болсо кармалгандардын тергөө абагындагы мөөнөтү узартылганын айтууда.

Былтыр декабрда Чаек айылынын жашоочусу Айбек Мамбеталиев Кара-Кечедеги көмүр кенинде каза тапкан. Анын өлүмүнө шектелген жергиликтүү үч милиция кызматкерине кылмыш иши козголгон. 20-февралда окуя боюнча сот жүрүп жаткан учурда жабыркаган тарап темир тордо отурган cоттолуучуларга май чачып, өрттөөгө аракет кылган. Андан жабыркаган айыпталуучулардын экөө ооруканага жатып чыккан. Чатак учурунда качып кеткен үчүнчү милиционердин сөөгү 3 айдан кийин табылган. Облустук сот милиционерлерге өрт койгон он төрт кишини Нарын абагына камакка алган. (UEz)

XS
SM
MD
LG