Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:20

Путин: Украина боюнча кезектеги жолугушуу 5-сентябрда өтөт


Орус президенти Владимир Путин 5-сентябрда Украина боюнча жумушчу топтун жолугушуусунда ок атышууну токтотуу тууралуу макулдашуу кабыл алынарына ишенет. Бул тууралуу бүгүн айтып жатып орус президенти:

- Расмий Киев жана Украинанын түштүк-чыгышынын бийликтери ортосунда так чечим жумушчу топтун 5-сентябрга пландалган жолугушуусунда кабыл алынса болот эле, - деди.

Путин Монголияда жүрүп украин президенти Петро Порошенко менен телефондон сүйлөшкөндөн кийин 7 пункттан турган план түзүп алганын бүгүн журналисттерге билдирди. Талкуулана турган маселелер арасында туткундарды бири-бирине өткөрүп берүү, гуманитардык жардам жеткирүү жана тынчтык орнотуунун эл аралык мониторингин камсыз кылуу көйгөйлөрү бар экени айтылды.

АКШ жана Батыш өлкөлөрү Орусияны Украинаны аннексиялап алып, согушкерлерди шыкактоодо деп айыптап келет. (RK)

XS
SM
MD
LG